Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча 100 млрд сомдон ашты

 Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча 100 млрд сомдон ашты

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча 100 миллиард сомдон ашты.

2023-жылдын 11 айында 2023 жылдын 30 ноябрына карата Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан республикалык бюджетке 100,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү камсыздалды.

План 108,2%га аткарылды же 7,7 млрд сомго көп чогултулду.

2022-жылдын 11 айына салыштырмалуу түшүүлөр 35,2 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 153,7%ды түздү.

Белгилей кетсек, бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94 млрд 635,9 млн сом суммада белгиленген. Бул план ушул жылдын 15-ноябрына карата толук аткарылды.

Бүгүнкү күнгө карата өзгөртүүлөр киргизилип, жылдык план 13 млрд сомго көбөйтүлүп, жыл аягына чейин 107,6 миллиард сом чогултуу планы коюлууда. Бул план жылдын аягына чейин аткарылышы күтүлүүдө.

Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду.

Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер өткөрүлдү.

Связанный пост