Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышуу үчүн иш сапары менен барат.
Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.
1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.
2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.
Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого Мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.