Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды

 Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды
2014-жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айылындагы “Кызыл-Талаа” мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.
Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген.
Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.

Связанный пост