Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 2 млрд сом жумшалды
Президенттин демилгеси болгон Административдик-аймактык реформанын максаты аймактарды туруктуу өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында баяндама жасап жатып билдирди.
Анын айтымында, реформа пилоттук режимде Түп району жана Нарын облусунда жүрүп, жаңы түзүлгөн айыл аймактарында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен башка зарыл иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.
Пилоттук долбоорлор аяктаган соң, реформанын жыйынтыктары Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилээрин айткан Министрлер кабинетинин төрагасы региондорду колдоо иштери улантылып жатканын белгиледи.
Алсак Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 2 млрд сом жумшалса, Жалал-Абад шаарына дагы 2 млрд сомдук каражат бөлүнгөн. Нарын шаарына көп кабаттуу ипотека менен турак жай курууга, экономикалык долбоорлорду каржылоого акча бөлүнүп, азыр Нарын шаарынын 18,5 км ички көчөлөрү жасалган. Жалпысынан Нарын облусу боюнча 134,8 км жол асфальттанса, Ош шаарында болсо таза суу маселеси чечилип, жаңы 6 скважина казылды, 4 суу кампа салынды.