Акылбек Жапаров: Биз мамлекеттик банктарды күчтөдүк жана алардын уставдык капиталын $100 млн ашырдык

 Акылбек Жапаров: Биз мамлекеттик банктарды күчтөдүк жана алардын уставдык капиталын $100 млн ашырдык

Биз мамлекеттик банктарды күчтөдүк жана алардын уставдык капиталын 100 млн АКШ долларынан ашырдык. «РСК Банктын» уставдык капиталы  2020-жылы 2,3 млрд сом  болчу, азыр 9,4 млрд сомго жетип, 4 эсеге көбөйдү. «Айыл банктын» уставдык капиталы 2020-жылы 3,5 млрд сом болсо, азыр 12,4 млрд сомго жетти, же 3,5 эсеге көбөйдү. Экөө тең өлкөдөгү эң ири банктардын катарына кирди. Бул иштер мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жакшы түрткү болууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчетту кароо алкагында билдирди.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, «тышкы дипломатиялык карым-катнашта Президентибиздин натыйжалуу саясатынын аркасында тышкы сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 10,8 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 26,2%га өсүш болду».

Связанный пост