VII чакырылыш иштеп баштагандан бери Жогорку Кеңештин кароосуна 359 мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталган

 VII чакырылыш иштеп баштагандан бери Жогорку Кеңештин кароосуна 359 мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталган

VII чакырылыш иштеп баштагандан бери Жогорку Кеңештин кароосуна 359 мыйзам долбоору иштелип чыгып, сунушталган, депутаттар тараптан 132 мыйзам долбоору демилгеленди, жалпысынан Президент тарабынан 275 мыйзам долбооруна кол коюлган. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчетту кароонун алкагында билдирди.
Ал кошумчалагандай, 84 эл аралык келишим ратификацияланды, ал эми Жогорку Кеңештин кароосунда дагы 79 долбоор жана кечиктирилгис эл аралык келишимдер турат.

Мындан тышкары, жыл башынан бери депутаттык 4047 суроо-талаптын үстүндө иштер жүргөн.

Связанный пост