«Кайрагач», «Кара-Мык», «Бор-Дөбө» унаа өткөрүү пункттары ЕАЭБдин белгиленген талаптарына толук жооп берет
2023-жылдын 13-ноябрынан 17-ноябрын кошуп мезгилде Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы өзүнө алган милдеттенмелердин алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан «Кайрагач», «Кара-Мык» жана «Бор-Дөбө» автомобиль өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасынын элементтеринин жайгаштырылшына жана материалдык-техникалык жабдылышына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, белгиленген автомобиль өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иш-чаралар толугу менен аяктаган.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Иманалиева Д.Ш. жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Салиев «Кайрагач», «Кара-Мык» жана «Бор-Дөбө» автомобиль өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасына мониторинг жүргүзүү жөнүндө» отчетко кол коюлду. ЕАЭБдин тышкы чек арасынын кыргыз тилкесиндеги аталган өткөрүү пункттары ЕАЭБдин белгиленген талаптарына толук жооп берери белгиленди.