Кыргыз жараны, “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө!” жалпы улуттук форуму башталды

Бүгүн, 13-ноябрда Мамлекеттик “Ала- Арча” резиденциясында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүгө багытталган “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” аталыштагы жалпы улуттук форуму башталды.
Кыргызстан элинин биримдигине жана туруктуу тынчтыкты курууга жетүү үчүн улуттук прогрессти жана чакырыктарды карап чыгуу, коомдук биримдикти чыңдоого, жарандык интеграцияга багытталган жалпы улуттук форумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, билим берүү жана маданият тармагынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, диний коомчулуктун жана кыргыз жараны катары өлкөгө салым кошушкан ар тармактын (мугалим, чек арачы, өрт өчүргүч, медик, спорчу, ишкер, тазалык кызматкери ж.б.у.с.) өкүлдөрү , коомдук уюмдар, көз карандысыз эксперттер, Кыргызстандын ар тармактуу өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын катышуусу менен өтүүдө.
Улуттук форумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төргасынын орун басары Эдиль Байсалов ачып, андан соң Кыргыз жараны концепциясында белгиленген принциптердин негизинде атайын даярдалган видео тасма сунушталды.
Президент Садыр Жапаровдун жалпы форумдун катышуучуларына кайрылуу сөзүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов окуп, жалпы улуттук форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Форумдун негизги темасы өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон ар кайсы тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Мен Кыргыз жараны катары өлкөнүн өнүгүшүнө кандай салым кошо алам” пленрадык талкуу өтүп, Кыргыз жараны концепциясында белгиленген принциптерди жана багыттарды мындан ары илгерилетүү боюнча артыкчылыктуу багыттар талкууланып, резолюция кабыл алуу сунушталмакчы.
“Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форуму Кыргыз жараны концепциясынын алкагында көп этностуу Кыргызстан элинин башын бириктирип жаткан өлкөбүздөгү алгачкы жолу уюштурулуп жаткан ири аянтча болду.
Мындай кадам менен Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, жарандык бирдейликти жана туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүүчү иш аракеттерди үзгултүксүз улантат.
Аны ишке ашырууда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен биргеликте 2021-2026-жылдарга иш-чаралардын планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарууну колго алып, Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча туруктуу ишти жүргүзөт.

Связанный пост