Энергетика министрлиги менен франциялык компания кызматташат
Кечээ, 2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен TotalEnergies Renewables SA компаниясы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана TotalEnergies Renewables SA компаниясынын вице-президенти, глобалдык бизнес өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Фабьен Демол кол койду.
Аталаган Меморандумдун негизги максаты энергетика тармагында кызматташуу, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорду ишке ашыруу, генерациялоочу электр станцияларын куруу жана эксплуатациялоо, өнүктүрүү, каржылоо боюнча кызматташууга багытталган.
Кол кою аземинен тышкаркы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүгө болгон потенциал жогору экенине токтолду.
“Биздин өлкө суу ресурсуна бай. Электр энергиясын өндүрүү үчүн Чакан ГЭСтерди курууну жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну каалаган инвесторлор биз менен кызматташып, керектүү маалыматтарды ала алышат. Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн инвестициялык сунуштарга ачыкпыз. Алдыга койгон пландарды ишке ашырууга биз дагы кызыктарбыз. Бүгүнкү кол коюлган документ келечекте жакшы жыйынтыгын берет деген үмүттөмүн ”, — деди Таалайбек Ибраев.