МБК октябрь айында 10,2 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. План 104,4% аткарылды
2023-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик бажы кызматы 10,2 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Белгиленген план 104,4%га аткарылды же 429,9 млн сомго көп чогултулду.
2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу түшүүлөр 4,1 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 166,2%ды түздү.
2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу 83,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылдын 10 айында бажы кызматы 89,7 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 107,7%га аткарылды же 6,4 млрд сомго көп чогултулду.
2022-жылдын 10 айына салыштырмалуу түшүүлөр 30,6 млрд сомго көбөйдү же өсүү темпи 151,9%ды түздү.