Рацек чокусунан россиялык турист куткарылды

 Рацек чокусунан россиялык турист куткарылды

Бүгүн, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунан россиялык турист куткарылды.

4300 метр бийиктиктеги Рацек чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти КР ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын куткаруучулары менен куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат беришкен. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат менен кайрылган.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г. Россия Федерациясынын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до деңиз деңгээлинен 4300 м бийиктикте жайгашкан Рацек чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.

Жардамга кол сунган КР ӨКМдин тик учагы кырсык болгон жерге учуп кетип, жабыркаган орусиялык туристти эвакуациялашты.

Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.

Связанный пост