Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери каза болду
Төө-Ашуудагы өрттөн куткарам деп милициянын эки кызматкери өмүрүн беришти
2023-жылдын 27-октябрында болжол менен саат 15.30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан күйүүчү май ташыган унаа кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны О.Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору Д.Шамшиев бензовоздун айдоочусуна өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берип жатып алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Алар:
-Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
1982-жылы 16-февралда Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда, коомдук коопсуздук кызматында, андан кийин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген.
-Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев, үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.
Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн , Ноокат РИИБде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
Бөөдө кырсык окуяга туш келип, тайманбаган, жандарын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтарыбыз Дилмурат Шамшиев 1-ноябрь күнү каза болсо, Орозмат Акуналиев дагы алган оор жаракаттарынан улам көз жумуп отурат.
ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү жана жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлери бул кабарды угуп кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Эр жүрөк жигиттерибиздин үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз.
Кесиптештерибиздин жаркын элеси түбөлүккө сакталат. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун.