Бакыт Төрөбаев борбордук жылуулук тармагынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Электр станциялары» ААК филиалы – «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан ишкананын кызматкерлерин маанилуу майрамы менен куттуктап, «Бишкек жылуулук тармагы» шаардын экономикалык жана социалдык өнүгүшү үчүн чечүүчү орунда турган маанилүү өнөр жай ишканасы болуп саналат», – деп билдирди.
Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, анда борбор калаанын жылуулук тармагынын мыкты кызматкерлерине ыраазычылык катары эстелик белектер тапшырылды.