УКМК: Пара талап кылган жана сойкулукту колдоого алган шаардык милиция кызматкерлери кармалды

          КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча системалуу жүргүзүлгөн иштердин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери чет элдик жарандардан пара талап кылган фактылар аныкталды.
  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп Пакистандын жаранын коркутуп, мындай аракеттер үчүн административдик жоопкерчилик каралганына карабастан андан 3500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.
  Мындан тышкары, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогоруда аталган ИИМдин кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн башка Пакистандын жарандарын камкордукка алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
          2023-жылдын 2-ноябрында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда акча каражатын берип жаткан жеринен “ортомчу” Пакистандын жараны Х.М.И., андан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Алардын иштеген жеринде керектүү тергөө амалдары жүргүзүлдү.
           Чогултулган материалдардын негизинде ИИББнын кызматкери Ж.А.Р жана Свердлов РИИБнин кызматкери Ж.К.М. жана Пакистандын жараны Х.М.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
          Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост