“Кара-Кече” көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводу курулат

 “Кара-Кече” көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводу курулат

«Кыргызкөмүр” Мамлекеттик Ишканасы менен “Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент” ООО кызматташат.

«Кыргызкөмүр” Мамлекеттик Ишканасы менен “Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент” ООО ортосунда “Кара-Кече” көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу жөнүндө ниет Келишимине кол коюлду.

Бул келишим Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин КЭРдин СУАРга болгон иш-сапарынын алкагындагы кызматташтыктын негизинде ишке ашырылууда.

КРдин Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Сеиткожоев Азамат Дюшобаевич жана “Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент” ООО директору Го Шу Цай кол койгон ниет Келишиминин негизги максаты:

1. Эки тараптуу бул келишимде Кыргыз Республикасынын Нарын областында жайгашкан “Кара-Кече” көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуучу заводдун курулушун биргелешип жүргүзүү жана тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу багыттагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатын көздөйт.

2. Жалпы тажрыйбада аныкталгандай тараптар тең укукта, ишеним менен сый-урматтын алкагында өз эрктери менен кызматташууну ишке ашырууга ниеттенишүдө.

3. Ушул Келишимди ишке ашырууда тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ишмердиктерин жүргүзө алышмакчы.

Связанный пост