Ош шаарында көмүр баасына көзөмөл жүргүзүлдү
2023-жылдын 30-октябрь күнү Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте Ош шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7 сомдон, эленбеген түрү 1тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар берилди. Көмүр саткан жайларда баалар жөнүндө маалыматтар илинди.
Жогорудагыдай иш-чаралар шаардын бардык аймактарында белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп турмакчы.
Айта кетсек, Ош шаары боюнча бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №10 буйругуна ылайык, Ош шаарынын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.