Ош шаарында жасалма спирт ичимдиктерин даярдоо жана сатуу фактылары аныкталды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарындагы жеке менчик үйлөрдүн биринде бир жаран Тажикстандан жана Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келинген алкоголдук ичимдиктерди сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жасалма алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз чыгарылып, андан соң унааларга жүктөлүп, Ош, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун базарларына жакын жайгашкан кампаларга түшүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Топтолгон материалдардын негизинде ушул жылдын октябрь айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарында эки жаран турак жайды жана имаратты ижарага алып, жасалма спирт ичимдиктерин, анын ичинде ар кандай үлгүдөгү коньяк жана арактарды жасагандыгы жана даяр продукциялар ар кайсы дүкөндөргө жеткирилип, сатылып жаткандыгы аныкталган.
27-октябрда соттун чечиминин негизинде ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын кызматкерлери шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлерине тинтүү жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бир нече текшерилген даректер боюнча ири өлчөмдөгү аткезчилик менен даярдалган арак продукциялары табылган. Тинтүү учурунда 1613,95 литр спирт кошулган продукция алынган: 889 литр спирт, 724,95 литр арак жана коньяк алынган. Сатууга даяр болгон 1390 дан ашык ар кандай бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер, 24 каробкадагы 100 граммдык (860 дөн ашык) бөтөлкөлөр, андан тышкары 780 дан ашык жасалма акциздик маркалар, арак бөтөлкөлөрүнүн 10200дөн ашык капкактары алынды. Алкоголдук ичимдиктерди даярдоо максатында спирт аткезчилик жол менен коңшу өлкөлөрдөн алынып келинген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын маалыматы боюнча, алынган бардык алкоголдук продукциялар үй шартында жасалган жана соттун чечими менен жок кылынат.
Эске сала кетсек, алкоголдук ичимдиктерди жана спиртти мыйзамсыз жүгүртүү өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирип, андан тышкары калктын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирет.
Көрүлгөн чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1969-жылы туулган К.Г. жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1988-жылы туулган Т.А. кармалган.
Андан ары тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.