Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду

 Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулап, Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда ишти улантууну чечишти.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Связанный пост