Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Бишкек шаары боюнча метеорологиялык божомолду эске алуу менен абанын сырткы температурасына ылайык штаб тарабынан борбор калаада жылытуу сезонун 2023-жылдын 31-октябрында баштоо чечими кабыл алынган. Тиешелүү №300-р буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

 

Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Жылытуу берилет:

 

– биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине;

 

– экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Связанный пост