Бишкекте жана Чүй облусунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган
Милиция кызматкерлери мамлекеттик иш чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
2023-жылдын 25-27-октябрь күндөрү милиция кызматкерлери Бишкекте ШКУга, КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздашууда.
Кыргыз милициясы жогоруда аталган мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоодо жогорку деңгээлде жүзөгө ашыруу иш-чараларын көрүүдө.
Белгилей кетсек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 4000 миңге жакын милиция кызматкерлери тартылган.
Урматтуу жарандар, бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.