Монголиянын премьери “Кыргызалтын “ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалына барды
Монголия Республикасынын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызалтын» ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалына барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коштоосунда Монгол Республикасынын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ мырза «Кыргызалтын» ААКнын “Аффинаждоо заводу” филиалынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.
“Аффинаждоо заводу” филиалына болгон иш сапарынын алкагында Монгол Республикасынын Премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэ мырзага “Кыргызалтын “ААК Башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов чендик куймаларды чыгаруу, өндүрүү процесси жөнүндө жана баалуу металлдын эритмесинин техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Ошону менен бирге тараптар биргелешкен кызматташуу маселелерин жана эки өлкөнүн тоо-кен компанияларын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.