Жыл башынан бери балык өндүрүү 23 миң тоннадан ашты

 Жыл башынан бери балык өндүрүү 23 миң тоннадан ашты

2023-жылдын 9 ай ичинде балык өндүрүү 23164,7 тоннаны түздү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

– Чүй облусунда бардыгы 13646,4 тонна товардык балык өндүрүлдү, анын ичинен  кубулжума жилингир – 11695,9 тонна,   бакма каңылтыр – 339,3 тонна,   Башка түрлөрү – 1611,2 тонна;

-Ы сык-Көл облусунда бардыгы 3308,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -2962,9 тонна, бакма каңылтыр – 137,1 тонна, башка түрлөрү – 208,6 тонн;

– Нарын облусунда бардыгы – 2037,2 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -1827,3 тонна, бакма каңылтыр – 51,8 тонна, башка түрлөрү – 158,1 тонна;

– Ош облусунда бардыгы – 53,5 тонна, анын ичинен бакма каңылтыр – 37,2 тонна, башка түрлөрү – 16,3 тонна;

– Жалал-Абад облусунда бардыгы – 3569,4 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир – 3569,4 тонна;

– Талас облусунда бардыгы – 549,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир – 549,6 тонна.

Республика боюнча бардыгы – 23164,7 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир – 20605,1 тонна, бакма каңылтыр – 565,4 тонна, башка түрлөрү – 1994,2 тонна.

Связанный пост