Былтыр Кыргызстан менен Индиянын айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 40 млн $ түздү
2022-жылы айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 40 миллион долларды түзүп, анын ичинен экспорт 2 млн АКШ долларын түздү), импорт 38 млн АКШ долларын түзгөн.
Экспорт:
• майлуу жана башка үрөндөр, жемиштер жана дан эгиндери; техникалык максаттар үчүн дары өсүмдүктөр жана өсүмдүктөр; саман жана тоют – 1009,6 миң АКШ доллар;
• жашылчалар жана кээ бир жегич тамыр өсүмдүктөрү – 938,0 миң АКШ доллар;
• табигый, тазаланбаган шеллак 49,5 миң АКШ доллар;
• эт субпродуктылары жана даяр же консерваланган эт азыктары – 43,7 миң АКШ доллар;
• бал – 1,5 миң АКШ долларын түзгөн.
Импорт:
• кант жана кант кондитердик азыктары – 35405,7 миң АКШ доллар;
• тоңдурулган малдын эти – 756,8 миң АКШ доллар;
• татымалдар, кофе, чай, матэ жана парагвай чайлары – 309,6 миң АКШ доллар;
• күрүч – 590,3 миң АКШ доллар;
• май өсүмдүктөрү жана жемиштер – 107,0 миң АКШ доллар;
• соус жана соустарды даярдоо үчүн аралашма жыпар жыттуу заттар жана татымалдар – 107,0 миң АКШ доллар;
– горчица порошогу жана горчица – 720,5 миң АКШ долларын түзгөн.
2023-жылдын январь-август айларында айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 7,4 миллион долларды түзүп, анын ичинен экспорт 975,4 миң АКШ долларын, импорт 6,5 миллион АКШ долларын түздү.
Экспорт:
• жашылчалар – 832,7 миң АКШ доллар;
• май өсүмдүктөрү жана жемиштер – 90,1 миң АКШ доллар;
• эт, рак жана балык азыктарынан даярдалган азыктар – 52,6 миң АКШ долларды түзгөн.
Импорт:
• тоңдурулган малдын эти – 2,0 млн. доллар;
• кант жана кант кондитердик азыктары – 2,8 млн доллар;
• тамак-аш азыктары – 718,2 миң доллар;
• дан эгиндери – 481,2 миң доллар;
• татымалдар, кофе, чай, мате жана парагвай чайлары – 208,8 миң доллар;
• май өсүмдүктөрү жана жемиштер – 155,1 миң АКШ долларын түздү.