Кытайлык компания Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат
Бүгүн, 2023-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.О. Ибраев жана «Goldwind Science & Technology Co., Ltd» кытайлык компаниясынын өкүлдөрү министрлик менен компаниянын ортосунда стратегиялык кызматташуу боюнча алкактык келишимге жана конфиденциалдуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюу маселелерин талкуулашты. Аталган иш чара 2023-жылдын 24-27-октябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында болуп өттү.
Аны менен катар Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын электр энергиясына болгон потенциялы тууралуу маалымат берди. Министр буга чейинки Кытайга болгон иш сапарында талкууланган маселелерге токтолуп, бүгүнкү күнгө коюлган пландарды ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Ал эми, Кытай тараптан келген делегаттар Кыргызстан менен кызматташууга кызыктар экенин жана күн-шамалдан электр энергиясын өнүдүрүүчү станцияларды курууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ал үчүн алын-ала экологияга иликтөө иштерин жүргүзүү керектигин, ага бир аз убакыт талап кылынаарын билдиришти. Ошондой эле Кыргызстан менен болгон кызматташтык терендээрин жана долбоорлор ишке ашса, жакшы жыйынтык берээрин баса белгиледи.
Маалыматка ылайык, эртең Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда энергетика жана көмүр тармагында кызматташуу максатында бир катар документтерге кол коюлат.