Баш калаадагы ТИЗО-1ди шаар сыртына көчүрүү үчүн Президенттин фондунан 26 млн 300 миң сом бөлүнгөн

Бүгүн 23-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында кеңешме болуп, анда ведомствонун 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары айтылды.

Кеңешмеде Жазык аткаруу тутумундагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, куруу иштери жана оптимизация, санариптешүү багытындагы урунтуу учурлар тууралуу маселелер козголду. Башкы штабдын башчысынын орун басары У.Алымканов жана “Келечек” мамлекеттик ишканасынын башчысы Б. Мукамбетовдордун доклады угулду.

 

ЖАКтын төрагасы, генерал-майор А.Эгембердиев кызматтын төрт объектисин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынан сырткары көчүрүүнүн алкагында Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылындагы 10-мекеменин курулушу жүрүп жатканын айтты. Тактап айтканда: 5 жатакана, АИЗО, откана, медициналык санитардык бөлүк, административдик имарат, спорт зал, өндүрүштүк жай, түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча Департаменти үчүн имараттар курулуп, алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын кабарлады. Ошондой эле, Сузак районунун Таш-Булак айылында ТИЗО-53 куруу иштери улантылууда. Бул эки объектке тең мамлекеттик бюджеттен 705 млн.сом сарпталган. Мындан тышкары, баш калаадагы ТИЗО-1ди шаар сыртына көчүрүү үчүн КР Президентинин фондунан 26 млн. 300 миң сом бөлүнгөн. Андан тышкары Чүй облусунун Нижний Нооруз айылындагы (СИЗО-50 аймагында) 2000 орундуу жаңы тергөө абагына сметалык долбоорлоо документин иштеп чыгуу сунушталганын билдирди.

 

ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басары и/к полковниги К. Садыков ЖАК региндордо кызматкерлерди кадрдык аттестациядан өткөрүү иши кызуу жүрүп жатканын айтты. Ведомствонун ишинин эффективдүүлүгүн арттырууда, мамлекет койгон талаптарды так жана туура аткарууда, коомдун кылмыштуу катмары менен иш алып барууда ЖАТта иштеген ар бир кадрдын кеспкөйлүгү, дыкаттыгы жана мыйзамды мыкты билгендиги негизги талаптардын бири деп билдирди. Жабык абактарда өндүрүш аймактарынын санын арттыруу, соттолгондорду иш менен камсыздоонун коэффициентин көтөрүүнү сунуштады.

 

Ал эми ЖАКтын башчысынын орун басары, и/к полковниги Р.Жапаров кадрдык курам штаттарды оптималдаштырууга жана ведомствонун бардык бөлүмдөрүнүн ишин жалпы жакшыртууга муктаж экенин белгиледи. Ведомстводо электрондук документ жүгүртүүнү санариптештирүү жана кеңейтүү процесси кандай жүрүп жаткандыгына токтолду. Мисалы, “адам ресурстарын эсепке алуу” АМТ иштелип чыккан жана ишке киргизилген, анын базасына ЖАКтын 2160 кызматкеринин маалыматтары киргизилгендигин баса белгиледи.

 

Төраганын орун басары и/к полковниги А. Джанузаков Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча Департаменттин шарттарын өркүндөтүү, аскердик кызматты жана жашоо шартын жакшыртуу максатында мамлекеттик бюджеттен 23 млн. сом бөлүнүп, бүгүнкү күндө бир катар оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, ишке берилгендигин кошумчалады.

 

Андан тышкары өндүрүш аймактарында өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү жана соттолгондорду жумушка орноштуруу маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул жылы дагы ЖАКтын мекемелеринде соттолгон адамдары эмгекке тартуу максатында 4 өндүрүштүк цех ачылды.

 

Мындан тышкары, курулуш 47 мекемесин демонтаждоо жана бузуу аяктады, төрт тараптуу келишимдин алкагында участок КР Президентинин Администрациясынын иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди (бардыгы болуп 415 млн.сом бөлүнгөн).

 

Молдовановкадагы №1 мекемесинин кызматкерлери үчүн сметалык наркы 36 млн.542 миң 145 сомду түзгөн жергиликтүү калктын жана кызматкерлердин балдары үчүн 120 орундуу бала-бакча капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, колдонууга берилди.

 

Петровка айылындагы №8 абагында соттолгондор үчүн 250 орундуу жатакана (64,8 млн. сом); №27 мекемедеги 3 кабаттуу, 180 орундуу жатакана (250 млн. сом) жана №19 мекемеде соттолгондор менен узак жолугушуу үчүн бөлмөлөр курулду (550 299,38 сом) жана негизги тосмо капиталдык оңдоодон өткөрүлдү (2 375 055,78 сом). №31 мекемеде оорукана менен ашкананын ортосуна асфальт жана тосмо төшөлгөндүгү кабарланды.

 

Ошондой эле, анын алкагында өз ара аракеттенүү менен, эл аралык донорлор тарабынан ЖАК эки тез жардам унаасы жана рентген-аппараттары менен камсыз болгон.

 

Кеңешменин жыйынтыгында, үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталынын аягына чейин аткарылуучу иштердин планы угузулуп, тийиштүү бөлүмдөргө жана мекеме башчыларына тапшырмалар коюлду.

Связанный пост