КР Президентинин Администрациясы менен Кореянын Кыргызстандагы Элчилиги өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

 

Меморандумга кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, корей тараптан Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ кол койду.

 

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

 

Өз кезегинде Кореянын элчиси бул документке кол коюу эки өлкөнүн өнөктөштүк жылдарында топтолгон эки тараптуу мамиленин жана кызматташуунун аркасында болгонун белгиледи.

 

Жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Связанный пост