Өлкөнүн 2 ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. №9 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда суу кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан дежурство бар.
Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат. №23 ЖТИ кызматкерлери тарабынан дежурство бар. Жолдор ачык.
Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болуп жатат. Учурда ашуу ачык, каттам бар.