Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү
2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Тажик Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен Тажикстан Республикасынын Бустон шаарында Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жолугушуу Кыргызстандан К.К.Ташиевтин жетекчилиги жана Тажикистан тараптан С.С. Ятимовдун жетекчилиги астында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Делегация башчылары 2023-жылдын 2-октябрындагы №44 протоколдун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү.