Өлкө аймагында бир жума ичинде 15 миңге чукул жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

 Өлкө аймагында бир жума ичинде 15 миңге чукул жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 9-октябрдан тартып, 15 октябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 14 763 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-189;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -228;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-15;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-694;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2252;

-Авто ээнбаштык – 2;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 692;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 0;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –950;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 741 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост