Республика боюнча 65 миңге жакын жерди органикалык өндүрүш ээлейт
Республика боюнча 65 миңге жакын жерди органикалык өндүрүш ээлейт. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Республикада органикалык продуктыларды өндүрүү үч категорияга бөлүнөт:
1) Республика боюнча 6 кооператив эл аралык стандарттарга ылайык, органикалык продукцияны өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү болуп саналат. Алар пахтаны, дары чөптөрдү, өрүктү, жапайы каперсти, кара өрүктү жана башка чет өлкөлөргө экспорттогон өсүмдүктөрдү өндүрүп жана жыйнашат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 21 миң 149 гектар жер сертификатталды✅
2) PGS системасы менен органикалык азыктарды өндүрүү боюнча жалпысынан 6900,92 гектар сертификатталды✅
3) 14 өткөөл мезгилдеги аймак жана 163 пилоттук чарбалардын жалпысынан 36946,82 га аянтты түздү✅
📌Республика боюнча 64996,74 гектар жерди органикалык өндүрүш ээлейт, бул жалпы айдоо аянтынын 5% түзөт. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 30881,27 гектарга көп