ШКУ саммити: Электросамокаттарды ижарага алуу чектелет
Борбор калаада ШКУнун саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө муниципалдык паркинг, унаа токтотуучу жай жана базарлар менен эки компания келишимдик мамиледе: «Промо Экспресс» ЖЧК (SunRent), «Абрикос» ЖЧКсы (e-motion).
Аталган ишкана Бишкек шаарынан жогоруда аталган эки ишканага электрсамокаттарын токтотуучу жай үчүн 40 жер бөлүп берген.