Жыл башынан бери милициянын көчмө кабылдамалары 5 миңге жакын жарандардын кайрылууларын карап чыгышты

 Жыл башынан бери милициянын көчмө кабылдамалары 5 миңге жакын жарандардын кайрылууларын карап чыгышты
2023-жылдын 9 айында милициянын көчмө кабылдамалары 5 миңге жакын жарандардын кайрылууларын карап чыгышты.
“Милициянын көчмө кабылдамалары” 2011-жылы жарандардын милиция кызматкерлерине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтүү жана укук коргоо органдарына коомчулуктун ишенимин бекемдөө максатында түзүлгөн.
Азыркы учурда ички иштер органдарын реформалоонун алкагында жана ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жер-жерлерде жарандардын даттанууларын жана арыздарын чечүү максатында республиканын баардык региондорунда “милициянын көчмө кабылдамалары” иш алып барууда.
Милициянын көчмө кабылдамалары өлкөнүн укук коргоо органдарына кирүү мүмкүнчүлүгү жок эң алыскы райондорунун калкын тейлейт. Мындан тышкары, милициянын көчмө кабылдамалары мал уруулугу, жер-суу талаштарын чечүү, дайынсыз жоголгон балдарды издөө жана аларды үйгө кайтаруу, ала качуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана башка көптөгөн маселелерде социалдык-укуктук жактан кеңири колдоо көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 59 автоунаа “Милициянын көчмө кабылдамалары” катары иштеп жатат. Баардык кабылдамалар атайын автоунаалар менен камсыз кылынган.
Тогуз ай ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 4777 жолу элге чыгып, анын жүрүшүндө 9518 адам кайрылып, 6319 арыздар жана кайрылуулар кабыл алынды, анын ичинен коопсуздук менен байланышкан 569, өз алдынча башкаруу органдарга жиберилгендер 558, мамлекеттик органдарга жиберилгендер 274 социалдык суроолор боюнча жиберилип, 4918 учур боюнча юридикалык кеңештер берилип ордунан чечилген. Бардык катталган материалдар боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынууда.
58 автоунааларда GPS (ЖПС) каражаттары менен жабдылып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматында атайын Мониторинг борбору түзүлүп мониторинг кылынууда.

Связанный пост