ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 19 миңге жакын жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

 ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 19 миңге жакын жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 2-октябрдан тартып, 8 октябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 18 787 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-200;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -221;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-31;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-926;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2549;

-Авто ээнбаштык – 4;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4572;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –700;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1398 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост