Балыкчыда «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун ачылыш аземи өттү

2023-жылдын 9-октябрында Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусунун активдүү фазасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетов биргелешкен машыгуунун ачылыш аземинде «…Бүгүн биз түзүлгөн дүйнөлүк кырдаалдын реалдуулугун эске алуу менен пландаштырылган ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн «Күжүрмөн боордоштук-2023» оперативдик-стратегиялык машыгуусунун жыйынтыктоочу этабына киришип жатабыз. Биздин алдыбызда ЖККУга мүчө мамлекеттерди ар тараптан өнүктүрүү максатында уюмдун аскердик курамын өркүндөтүү жана анын потенциалын өстүрүү боюнча маанилүү милдеттер турат»,- деп баса белгиледи. Ошондой эле, Коргоо министринин орун басары  «ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук – 2023» машыгуусу биринчи кезекте уюмга мүчө мамлекеттердин курамындагы тынчтыкты сактоочу күчтөрүн биргелешкен оперативдик жана күжүрмөн даярдоого багытталганын белгилеп, Тынчтыкты сактоо багытындагы окуулардын аркасында биздин боордош мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы өз талаа машыгууларын өркүндөтүүдө жана тынчтыкты сактоо операцияларын жүргүзүүдө зарыл болгон практикалык тажрыйбага ээ болууда»,-деди өз сөзүндө.

Машыгуунун ачылыш аземинде ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров мындай деди: “…Кагылышкан тараптарды элдештирүүнүн, кадимки жашоону калыбына келтирүүнүн натыйжалуу куралына ээ болуу ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бүгүнкү күндө ЖККУга мүчө мамлекеттер дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында тынчтыкты орнотуу боюнча 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ. 2022-жылы ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү Казак Республикасында иш жүзүндө колдонулган. Тынчтыкты орнотуу операциясынын жыйынтыгына Казак Республикасынын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин жетекчилиги жогору баа берди. ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Күчтөрүнүн курамын андан ары өркүндөтүү жана аларды дайындоо боюнча милдеттерди аткарууга даярдоо жакынкы жылдарда уюмдун Жамааттык коопсуздук системасын өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыты болуп саналат».

Машыгуунун негизги максаты – ЖККУнун тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Ошондой эле, жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө аскер бөлүктөр менен кошуундардын шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда кризистик зонада конфликтен кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.

Практикалык иш-аракеттерде ЖККУга мүчө мамлекеттердин ӨКМ, ИИМ, УКМК Жамааттык күчтөрү менен бирдикте блокпосттордо жана жабыркагандарды кабыл алуу пункттарында, колонналарды жана жүктөрдү коштоодо, калктуу конушту бошотууда, «барымтадагыларды» куткарууда жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темировдун жетекчилиги алдындагы «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн улуттук контингенттери, ЖККУнун Бириккен штабынын жана Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда.

Машыгууга бардыгы болуп 1500гө жакын аскер кызматчылары, 200дөн ашык атайын-бронетанкалык жана автомобилдик техникалар, аскердик штурмалык жана транспорттук авиация, учкучсуз авиация жана күжүрмөн катерлер тартылган.

Связанный пост