Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн режиминде окушат
Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.
Буйрукка ылайык, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан 2023-жылдын 12-13-октябрында окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу тапшырылды.
Борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаменти ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.