КМШ жаштарынын XVII Дельфы оюндары салтанаттуу ачылды

Бүгүн, 7- октярда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин XVII жаштар Дельфы оюндары салтанаттуу ачылды.
Иш- чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орунбасары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Дельфи комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев жана Эл аралык Делфы комитетинин директору Владимир Понявин сөз сүйлөп, Дельфы оюндарынын маани маңызы жана аны өткөрүүнүн максаттуулугуна токтолушту.
Алтынбек МаксутовДельфы оюндары өсүп келе жаткан муунду жана Шериктештик өлкөлөрүнүн жаштарын бириктирген жана өлкөлөрдүн ортосундагы достукту чыңдоого өбөлгө түзгөн уникалдуу окуя экендигин айтып, чыгармачыл жаштарды жана маданий долбоорлорду колдоо биздин милдетибиз деп белгиледи.
«Биз искусствону каржылоонун жана колдоонун жеткиликтүү механизмдерин түзүү, ошондой эле маданий билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз. Таланттуу жаштарыбыз үчүн эл аралык алаканы жана маданий диалогду өнүктүрүүгө умтулуп, чыгармачыл жаштар шарттарды түзүү биздин максат. Он жетинчи Дельфы оюндарына катышуу жаңы жетишкендиктерге көпүрө болуп, көптөгөн кубанычтуу мүнөттөрдү жана жаңы досторду тартуулайт деп ишенем. Катышуучуларга эргүү жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм”!,-деп билдирди министр.
Салтанаттуу иш –чарада Дельфы оюндарынын уюштуруучуларына, катышуучуларына жана конокторуна Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин куттукттоолору окулуп, анда Дельфы оюндары Шериктештик мейкиндигинде кеңири таанылганын, масштабдуу долбоор жаштарга искусстводо өз жолун табууга, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде өзүн көрсөтүүгө жана абройлуу чеберлердин баасын алууга жардам бере турган аянтча экениндиги тууралуу баса белгиленди.
КМШга катышкан мамлекеттердин он жетинчи жаштардын Дельфы оюндарына куттуктоо Аткаруу комитетинин төрагасы-КМШнын аткаруучу катчысы С. Лебедев, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Д.А. Кобицкий, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри С. Лавров, Россия Федерациясынын агартуу министринин биринчи орун басары А.В. Бугаев жана Евразия элдеринин Ассамблеясынын башкы катчысы А.Ю. Бельяниновдин атынан да окулду.
Андан соң, салтанаттуу иш- чара атайын даярдалган концерттик программа менен уланып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.
Эске салсак, КМШга катышкан мамлекеттердин он жетинчи жаштар Дельфы оюндарын уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дельфы комитети, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитети, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын кызыкдар бийлик органдарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын катышуусунда ишке ашып, Эл аралык Дельфы комитетинин колдоосу астында өткөрүлүүдө.
Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки, Шериктештик өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болгон командалардын курамында 600гө жакын улан-кыздар катышып, фортепиано, скрипка, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча 10 номинация боюнча сынактарга катышат.
Сынактын калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн 30дан ашык көрүнүктүү искусство ишмерлери, сүрөтчүлөрү, профессорлору жана искусство таануу илимдеринин докторлору кирет.

Связанный пост