«Ак-Тилек-2» конушу жаратылыш газына кошулду

Бүгүн, 6-октябрда Свердлов районунда «Ак-Тилек-2» жаңы конушуна жаратылыш газы берилди.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков конуш тургундарын жаратылыш газынын берилиши менен куттуктап, башкы директордун орун басары Арзымат Алдыяров баштаган «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

216 кожолук жаратылыш газын колдонуу менен жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жашоочулар Бишкек шаарынын жетекчилигине жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына көгүлтүр отунга кошулууга шарт түзгөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, үйлөрдүн бирине газдын бар-жогун текшерүү үчүн чакырышты.

Ири конуштарды газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасын жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Конуштарды газ менен камсыз кылуу үчүн жаңы газды жөнгө салуучу борбору курулган жана пайдаланууга берилген, ошондой эле узундугу 4900 погон метр магистралдык түтүктөрүн куруу боюнча иште жүргүзүлдү. Бардык жумуштар курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Мындан тышкары Свердлов районунда «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-Турбаза» жана «Бакай-Ата» үч конушта газдаштыруу иштери аяктап жатат.

Связанный пост