Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду
Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду.
Аталган турак жайлардын курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды.
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.