Тарыхый-археологиялык музейлер өнүктүрүлөт

 Тарыхый-археологиялык музейлер өнүктүрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин долбоорунун алкагында «Өнүгүү борбору» (Кыргыз Республикасы) жана «HDC International» (Улуу Британия) компанияларынын эксперттеринин катышуусунда музейлерди өнүктүрүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, пикир алмашуу максатында тегерек стол болуп өттү.

 

Күн тартибинде:

 

• «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жана «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун туризмди өнүктүрүү планын иштеп чыгуу;

• «Сулайман-Тоо» үңкүр музейинин ички жасалгасын жакшыртуу жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;

• Өзгөн тарыхый-архитектуралык борборун ЮНЕСКОнун объектилеринин тизмесине киргизүү боюнча маселелер көтөрүлдү.

 

Долбоор ишке ашса, экономиканын негизги багыттарынын бири болгон туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастардын баштапкы абалын сактоого жана келечек муундарга таанытууга мүмкүнчүлүк берет.

Связанный пост