Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн бир жумада 1270 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 25-сентябрдан тартып, 1-октябрга чейин, алдын ала маалыматбоюнча 18 998 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-222;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -271;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-42;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-844;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2717;
-Авто ээнбаштык – 5;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 5167;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –9727;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1270 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.