Сокулук районунда 3 жаш баласын сатууга шектелген эне кармалды

 Сокулук районунда 3 жаш баласын сатууга шектелген эне кармалды

Сокулук районунда 3 жаш баласын сатууга шектелген эне кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук РИИБне арыз менен Сокулук айылынын тургуну А.А. аттуу жаран кайрылып, балдарын көрсөтүүдөн баш тартып жаткан 2001-жылы туулган Д.Н. аттуу мурдагы жубайына карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты Сокулук РИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлө башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, Д.Н. аттуу жаран 2021-жылдын 7-мартында Д.Д. аттуу кызды төрөп, аны Москва районунун тургунуна сатып жибергени, 2022-жылдын 28-апрелинде төрөгөн К.Т. аттуу баласын К.А. аттуу жаранга сатып жибергени, андан кийин 2023-жылдын 16-мартында кыз төрөп, аны М.Г. аттуу жаранга сатып жибергени аныкталган.
Сокулук РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 167-беренесинде көрсөтүлгөн (балдарды соодалоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Д.Н. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде аталган кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сокулук районунун Тергөө судьясы тарабынан Д.Н. аттуу жаранга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Тергөө иштери уланууда.

Связанный пост