Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык жок
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга таңкыстык жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады.
2023-жылдын 21-сентябрынан тарта Орусияда бензин жана дизель майын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгендиги кабарланган.
Мындай чара ички рынокту турукташтыруу үчүн киргизилген.
Бирок ЕАЭБ мамлекеттерине анын ичинде Кыргызстанга тиешелүү болбойт. Биржада күйүүчү майдын баасы жай айынан бери көп жолу өзгөргөн. Эксперттер күйүүчү майдын кымбатташын “көмүскө” экспортко да байланыштырат.
Орусияда чектөөлөр киргизилгенден кийин күйүүчү майдын баасы арзандай баштады. Санкт-Петербург эл аралык товардык биржасынын маалыматында, 21-сентябрда бензиндин баасы 5,7%, ал эми дизель майы 2,15% арзандаган.