Республикалык бюджеттен Ысык-Көл облусуна 915,1 млн сом бөлүндү

 Республикалык бюджеттен Ысык-Көл облусуна 915,1 млн сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен Ысык-Көл облусуна 915,1 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат:

Бюджеттер аралык трансферттер :

Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 915,1 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:

1. Теңдөөчү трансферт – 180,7 млн. сом;

2. Ыйгарым укуктарды берүүгө – 21,3 млн сом;

3. Электр энергиясына болгон 50% компенсацияга – 21,9 млн. сом;

4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 14,4 млн. сом;

5. Айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 26,8 млн. сом;

6. Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 650,0 млн. сом.

Мындан тышкары капиталдык салымдар беренеси боюнча 116 объектке 977,2 млн сом бөлүндү.

Связанный пост