Ош облусуна 920 млн доллар инвестиция тартуу боюнча меморандумдарга кол коюлду

Ош облусун өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча бизнес форумдун алкагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маанилүү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КРнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Инвестициялардын жалпы көлөмү 920 миллион АКШ долларын түздү, бул аймакты өнүктүрүүнүн жаңы айлампасын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен Синьцзян эл аралык “Кытай бүркүтү” соода компаниясынын директору Чжан Вэньчжуан жана «Чонгцин Сокон Мотор Групп» ЖЧКсынын өкүлү Хэ Цзян менен ири өнөр жай комплексин куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Долбоор жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактагы экономикалык өсүштү стимулдаштырат.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана ошондой эле Россия, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай, Иран, Оман жана Германиянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн, эл аралык коммерциялык эмес уюмдардын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү болушту.
Бул олуттуу макулдашуулар Ош облусу үчүн экономикалык өсүш гана эмес, эки өлкөнүн инвестиция жана соода тармагында жакындашуусун билдирет. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу үчүн бизнес-форумдардын маанилүүлүгүн белгилейт.

Связанный пост