Бишкекте жалпы республикалык ишембиликтен кийин 290 тонна таштанды чыгарылды

 Бишкекте жалпы республикалык ишембиликтен кийин 290 тонна таштанды чыгарылды

16-сентябрда борбор калаанын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Ишембиликке 33481 адам жана 1141ден ашык мекеме-уюмдар катышты.

Ишембиликке шаардын төрт районунда тең муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, бардык райондук кызматтардын кызматкерлери, ошондой эле мекеме-ишканалардын, чарбалык субъекттердин кызматкерлери активдүү катышты.

48 техника тартылып,  290 тонна таштанды чыгарылды.

Борбор калаанын мэриясы  борбор калаанын көчөлөрүндө, аянттарында жана сейил бактарында  ишембиликке катышып, тазалыкты сактоого  кошкон салымы   үчүн бардык катышуучуларга  ыраазычылык билдирет.

Связанный пост