Өлкө аймагында бир жума ичинде 19,8 миң жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

 Өлкө аймагында бир жума ичинде 19,8 миң жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 11 сентябрдан тартып, 17-сентябрга чейин, 19 800 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-253

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -301;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-33;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар- 825;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3001;

-Авто ээнбаштык – 3;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4849;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 607;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1397 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост