Башкы прокурор россиялык жана азербайжандык кесиптештери менен кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев Россия Федерациясынын Башкы прокурору И.Краснов жана Азербайжан Республикасынын Башкы прокурору К.Алиев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө КМШне, ошондой эле ЭКУна мүчө мамлекеттердин башкы прокуратураларынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү, жарандардын укуктарын камсыздоо, коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу өңдүү бир топ маанилүү маселелер тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев жана Азербайжан Республикасынын Башкы прокурору К.Алиев бир катар негизги багыттар боюнча тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Ал эми, Россия Федерациясынын Башкы прокурору И.Краснов менен өткөн жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору жана Россия Федерациясынын прокуратура университетинин ортосунда кадрларды даярдоо жана илимий-изилдөө жааттарында өз ара кызматташуу жөнүндө Меморандумга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокуратураларынын ортосундагы келээрки 2024-2025 жылдарга биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлду.

Связанный пост