Быйыл Талас шаарында 6 балдар аянтчасы курулат

Быйыл Талас шаарында балдар ойноочу 6 аянтча курулуп колдонууга берилет. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев Ж. Молдосанов жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан балдар ойноочу аянтчанын курулуш иштери менен жеринен таанышты. Анда куруучуларга иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу, мүчүлүштүктөрдү өз убагында жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Буга кошумча А. Нуржанов жана Больничная көчөлөрүнүн кесилишине жаңы салынган балдар ойноочу аянтчанын сапатын текшерип, балдарга жакшы шарт түзүү максатында аянтчанын айланасын иретке келтирүү тапшырмасын коммуналдык кызмат көрсөтүү ишканасына милдеттендирди.

Белгилей кетсек, бекитилген иш планга ылайык, быйыл Талас шаарына балдар ойноочу 6 аянтча куруу каралган. Атап айтканда А. Нуржанов жана Больничная, Ж. Молдосанов жана Алымкулов, Ч. Сатаев жана О. Турдалиев көчөлөрүнүн кесилишине, А. Огомбаев көчөсүндөгү 105-көп кабаттуу үйдүн короосуна, К. Каимов жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн короосуна жана А. Оторбаев көчөсүндөгү 233-235 көп кабаттуу үйлөрүнүн короосуна балдар ойноочу аянтчалар курулат.

Связанный пост