“Достук-автожол” өткөрүү жайынан бир сутка аралыгында 17 миңден ашуун адам, 300дөн ашуун жүк жана жеңил транспорттук каражаттары өтөт
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 08-сентябрында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан Ош облусундагы “Достук-автожол” жана Баткен облусундагы “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайларында ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлгөндүгүн маалымдайт.
Медиа-турдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө ар тараптуу иштер жүргүзүлүп, чек арага канатташ жерлерде сооданын көлөмүн көтөрүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жана аны менен чектеш мамлекеттердин туристтик жана транзиттик дараметин жогорулатууга багытталган стратегиялык маселелер чечилип жаткандыгы белгиленди.
Дал ушул Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан эки өткөрүү жайларынын – Ош облусунун Араван районундагы эки тараптуу ”Кара-Багыш-автожол” КӨЖ жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көп тараптуу “Бек-Абад-автожол” өткөрүү жайынын кайрадан иштеп баштоолоруна макулдашууга жетишишкен.
📌Мындан тышкары 2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилген жана 2023-жылдын 01-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын жалпы жарандык (чет элдик) паспорт менен катар эле ID-карталар менен да кесип өтүүгө мүмкүн болду.
📌Пресс-турдун жүрүшүндө 01-сентябрдан баштап “Достук-автожол” жана “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайларында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү белгиленди.
📌Алсак, Ош облусундагы көп тараптуу “Достук-автожол” өткөрүү жайынан бир сутка аралыгында 17 000ден ашуун адам, 300дөн ашуун жүк жана жеңил транспорттук каражаттары өтөт;
📌Баткен облусундагы эки тараптуу “Кайтпас-автожол” өткөрүү жайы 2000 адамды өткөрүүгө ылайыкталганы менен, чындыгында күн сайын бул жактан 5000ден ашык адам, 500дөн ашуун жеңил автоунаа өткөрүлөт.
📌Кыргыз Республикасынын мамлекттик чек арасын кесип өтүүгө шарттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улана бермекчи.