УКМК: Президенттин жардамчысын опузалап $300 миң талап кылышкан

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талдоо республикадагы кырдаалды туруксуздаштырууга жана өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан экономиканы системалуу түрдө өнүктүрүүгө, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган саясатты дискредитациялоого аракет кылып жаткан деструктивдүү күчтөрдүн активдешүүсүн көрсөтүп турат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысынан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин экс-директору А.Д.Б тарабынан 300 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы ачык мисал боло алат.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Д. шантаж жана массалык маалымат каражаттарында провокациялык мүнөздөгү материалдарды таратам деп коркутуу жолу менен ал мамлекет башчысынын жардамчысынан 300 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кыла баштаган.
2023-жылдын 6-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында А.Д.Б. жогорудагы жагдайлар боюнча талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жатып пара менен кармалган.
Кармалган А.Д.Б. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө КР УКМКнын СИЗОнун убактылуу кармоочу жайгаштырылып, ага тиешелүү айып салынат, ал эми сот органдары тарабынан тергөөнүн мөөнөтүнө бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө маселе каралат.

Связанный пост